Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар "Алманбет " спектаклин коюшту. Алардын өнөрүнө эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова да күбө болду деп билдирет аталган министрликтин маалымат катчысы.
Билдирүүгө ылайык, "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларынын мындай иш-чараны өткөрүүсүнө "SOS-балдар кыштагы" эл аралык кайрымдуулук уюму көмөктөшкөн. Спектаклге германиялык режиссёр Кристоф Штольценберг режиссёрлук кылган.
Бул спектакль инклюзивдик билим алган балдардын алгачкы эмгеги экендигине карабастан көрүүчүлөрдүн жакшы пикирлерине ээ болду.
Лунара Мамытованын айтымында, Кыргыз өлкөсүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 29,8 миң бала жашайт. Ал белгилегендей, мамлекеттик буюртманын алкагында мамлекеттин коммерциялык эмес уюмдарына жыл сайын 22,5 миллион сом бөлүнүп, жалпы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык жактан тейлөөгө жумшалат.
"Балдардын "Үмүт - Надежда" реабилитациялык борбору - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу максатында уюшулган.