"Квартирант" - батирде жашаган жаш үй-бүлөлөрдүн көйгөйү

Азыркы мезгилде тартылып жаткан тасмалардан өзүнүн тарбиялык мааниси менен айырмаланган "Квартирант" тасмасы бүгүн, 25-октябрда жабык эшик артында көрсөтүлдү. Социалдык драма жанрындагы тасманы көрүүгө эстрада жылдыздары, жазуучулар, белгилүү актёрлор жана режиссёрлор катышты.

Тасма жаш үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрүн, коомдо орун алган ар кандай социалдык маселелерди, адамдардын бири-бирине болгон кайдыгерлигин ачып көрсөтүп берген. Драманын өзөгүн айылдан көчүп келген жаш үй-бүлөнүн айланасындагы түрдүү окуялар түзөт.

Башкы ролдорду Эрмек Казыбеков, Рахат Аксултанова, Борончу Кудайбергенов, Роза Шакирова, Камчы Сарыбаев, Назгүл Жамгырчиева ойногон. Тасманы эл жакшы кабыл алып, фильмдин соңунда кол чабуулар менен коштолгон алкыш кептер айтылды.

Кинонун жаратуучусу, режиссёр жана сценарист Рысбек Жабировдун айтымында, кино февраль айында тартылып баштаган.

"Жөн гана тасма тарта бербестен көрөрмандарды ойлондура турган, алардын көз карашына таасир эткен тасма жаратканга аракет кылдык. Калганын тасманы көргөнү келген эл бааласын", - деп билдирди режиссёр.

Тасмада башкы ролдордун бирин аткарган Рахат Аксултанованын айтымында, кино тартылып жатканда тасма жаратуучулардын ага көрсөткөн жардамы чоң болгон.

"Жаш, кош бойлуу келиндин образын жаратууда айрым учурларда кыйынчылыктар болду. Маселен, толготуп жаткан мезгилди ойноо бир аз кыйын болду. Мен өзүм турмушка чыга элекмин, башымдан мындай абал өтпөгөндүктөн ачык аткарууда ыңгайсызданып жаттым, бирок чыгармачыл топтун жардамы менен ролду жеткире алдым деп ойлойм", - деп билдирди ал.

Тасма 2-ноябрдан баштап Бишкек шаарындагы бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Чыныгы турмушту чагылдырган "Квартирант" тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
toma95
2017-10-25 20:04:14
кандай кино болдукен?шаарда канча турат киного билеттер?
0
Lion.
2017-10-25 23:31:42
toma95, 100 сомдон 300 сомго чейин
0
nur8777
2017-10-25 20:11:05
Энциклопедия актуалдуу маселелердин бири. Барган сайын кымбаттап эле кетип жатат. Ай сайын толоп жашоо отопления эле кыйын болуп жатат
0
nur8777
2017-10-25 20:12:03
Энциклопедия денег создать кошулуп кетти
0
barsbegKG
2017-10-25 20:16:39
Ийгилик баарыңарга! Өнөрүңөр өркүндөсүн!
+1
Leilek-razzakov
2017-10-26 01:17:03
Москвадагы квартиранттардын жашоосун чагылдырбапсынар да ото кызыктуу кино болот болчу.
+3
Nazaralikarakulja
2017-10-30 02:10:55
Ийгилик Жана ийгилик жакшы коруш керек экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан