Бишкек шаарынын тургуну, 20 жаштагы Азамат М. милицияга арыз менен кайрылып, борбор шаардагы Фучик - Д.Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде бейтааныш адам унаасы анын унаасынын алдын тороп, тапанча менен аткылап коркутканын айткан. Кылмышка шектүү адамдын колунда травматикалык тапанча болгон. Көрүлгөн чаралардын негизинде, 29-май күнү Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 4-кичи районунун тургуну 28 жаштагы Руслан М. кармалып, Бишкек шаардык ИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө амалдары башталды.