Хитке айланган "Зың-зың" ырынын автору, казакстандык музыкант Болат Нуримов каза болду. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, Болат Нуримов өпкө оорусунан улам каза болгон. Ырчынын жакын досу Саги Алмуратов билдиргендей, Нуримов 23-октябрда кечинде Шымкент шаарынын бейтапканасына түшкөн.
"Болат Ташкент шаарына барып дарыланайын деп жаткан, бирок жетишкен жок, 24-октябрда абалы оорлошуп жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Кечээ, 25-октябрда ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Болат үй-бүлөсүндө эң кичүү бала эле. Ал көптөгөн белгилүү ырчылар менен иштешкен, мен аны эң таланттуу аранжировкачы катары билем", - деп билдирген Алмуратов.
Болат Нуримовдун артында 1,5 жаштагы уулу калды.