Мирлан Бакиров өлкөдөгү памирлик кыргыздарга жакшы шарт түзүүнү сунуштады

Депутат Мирлан Бакиров өлкөгө алынып келген памирлик кыргыздарга жакшы шарт түзүп берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда парламент жыйынында билдирди.

"Өкмөткө ыраазычылык билдиргим келет. Памирлик кыргыздарды Нарын облусуна жайгаштырып жатат. Бул элдин тарыхы терең. Бул маселе көтөрүлүп келген. Өкмөттүк деңгээлде көзөмөлгө алынып, аягына чыкты. Маалымат каражаттарынан жылуу маанайда аларды тосуп алганын көрүп жатам. Бул жакшы, бирок убакыт өткөндөн кийин турмуш-шартын түзүш керек болот. Мыйзамдын негизинде шарт түзүп, аларга коомчулук колдоо көрсөтсө дагы башкалары келишет. Балдары билим алып, ошол жерге барып кызмат өтөп, памирлик кыргыздардын санын сактап калышса жакшы болот", - деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BekAmir
2017-10-26 20:34:49
Туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан