Депутат Алмасбек Акматов каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевдин жумушка келбей жатканын сындады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда парламент жыйынында билдирди.
"Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев "өзүмдү өзүм билем өтүгүмдү төргө илем" дегендей мамиле жасап жатат. Өзүнүн ээлеген мамлекеттик кызматына жооп бербейт. Мамлекеттик иш боюнча өткөн аптадан бери Бакетаевди жумуш ордунан таппай жүрөм. Жумуш телефонуна чалсам катчысы гана жооп берет. Айтып коём дейт. Эч жыйынтык жок. Уюлдук телефонуна чалсам жооп бербейт. Ал жакта жалгыз эле катчы иштейт окшойт. Иш сапарына кеткен жок, ооруканага жаткан жок. Бул мамлекеттик кызматкер жумуш убагында эмне кылып жүрөт? Мүмкүн Бакетаевдин бул кызматка кереги жок", - деди депутат.