Кечээ, 25-октябрь күнү Түштүк Кореянын атактуу түгөйлөрү Рейн жана Ким Тэ Хи кыздуу болушту. Бул тууралуу жаңылыгын ата статусуна ээ болгон ырчы жана актёр Рейн Инстаграмдагы баракчасына бөлүштү. "Рахмат. Ал - сулуу ханбийке. Биз дүйнөгө жардам бере тургандай кылып кызыбызга жакшы тарбия беребиз", - деп жазган Рейн күйөрмандарына сүйүнчүсү жөнүндө.
Ырчы, актёр Рейн жана актриса Ким Тэ Хи 2017-жылдын 19-январында баш кошушкан. Эки жаш 2011-жылы жарнамалык роликке тартылуу учурунда таанышкан. Ал эми кыз-жигит катары мамилеси 2012-жылы башталган.