Залкар манасчы Жусуп Мамайдын өмүр жолун баяндаган "Жусуп Мамай бабамдан баян" аттуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу китептин автору, Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы уулу SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, китеп улуу манасчынын 100 жылдык маарекесине арналып чыккан. Китеп үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө Жусуп Мамайдын өмүр баяны, залкар манасчы айтып кеткен санжыралар, баталары, накыл сөздөрү камтылган. Экинчи бөлүгүндө элестүү сүрөттөр камтылып, анда 100 сүрөт жарыяланган. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов баш болгон көрүнүктүү инсандардын Жусуп Мамай тууралуу айткан сөздөрү, кыргыз жана кытай элдеринин манас таануучуларынын эмгектери жазылган.
Ошондой эле китептин аягында Жусуп Мамайдын чыгармачылыгы, өмүр баяны тууралуу жарык көргөн бардык эмгектердин аты жана дареги белгиленген.
"Бул китеп Жусуп Мамай атабыздын 100 жылдык маарекесинин алкагында жарык көрдү. Жакын арада китептин бет ачар аземи болот. Азыркы тапта Кытайда да, Кыргыз жеринде да залкар манасчынын 100 жылдык маарекесин белгилөөгө даярдыктар көрүлүп жатат", - деп билдирди Тургунаалы.
Китеп "Ыйман" коомдук фонду тарабынан каржыланып жарык көргөн, 145 беттен турат, 1000 нускада чыккан.