Жеңиш Разаков президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаковду (сүрөттө) ээлеген кызматынан бошотуп, президенттин кеңешчиси кызматына дайындады. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 26-октябрда кол коюлганын президенттик аппараттан билдиришти.

Ал эми мамлекет башчынын башка жарлыгы менен Алмазбек Курманалиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалды. Курманалиев 2015-жылдын июль айынан бери аталган кеңештин катчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан