Кыргыз режиссёрунун тасмасы Иранда өткөн эл аралык кинофестивалда байгеге ээ болду

Кыргыз режиссёру Салтанат Зарнаеванын "Үй" фильми Иранда өткөн эл аралык кинофестивалда Азиянын мыкты тасмасы аталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тегеран шаарында 17-22-октябрь аралыгында өткөн 34-эл аралык кыска метраждуу фильмдердин фестивалына 43 мамлекеттин режиссёрлорунун 110 тасмасы катышкан. Байгеге татыктуу болгон кыргыз тасмасында атасын айылдан шаардагы үйүнө көчүрүп барууга аракет кылган мүнүшкөрдүн уулунун окуясы баяндалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Makain
2017-10-26 17:03:20
Кут болсун Салтанат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан