5 айдан бери дайынсыз болгон аялдар Тынч океанынан тирүү табылды

5 айдан бери дайынсыз болуп жаткан аялдар Тынч океандан табылды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматта жазылгандай, америкалык "Эшланд" десанттык кемесиндеги аскерлер Тынч океандагы яхтаны көрүп калышкан. Алар яхтага келгенде анда 2 аял жашап жүргөнү белгилүү болгон. Өз алдынча саякаттоону чечкен аялдардын яхтасынын кыймылдаткычы бузулуп, океанда калып калган.

Женнифер Аппель жана Таша Фуаба аттуу жарандар Гонолулу шаарынын тургундары. Алар 2 итин алып Гаваиден Таитиге саякаттоо үчүн май айларында өздөрүнүн яхтасы менен океанга барышкан. Бирок аз убакыттан соң яхтанын кыймылдаткычы жараксыз болуп бузулуп, буга кошумча ошол маалда болгон катуу шамал аларды жолдон адаштырган. Алар бул убакыт аралыгында жээкке чыгууга мүмкүнчүлүк таба алышкан эмес.

5 ай өткөн соң гана аларга жакын жерде америкалык аскер кемеси көрүнгөн. Аскерлер жардамга келип аялдарды жана алардын иттерин куткарып калышкан.

Алар саякатка чыгар алдында сулу, күрүч, макарон өңдүү азыктарды кенен камдап алышкан жана суу фильтрлеген жабдыктары болгон. Алардын дээрлик жарым жылга чейин аман калуусуна саякат алдында дыкат камдангандыгы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
akkarga
2017-10-27 09:53:08
кыздар эмесле кемпирлер байлап койгон кызбы азыркы заманда. Башкысы Аман эсен табылыптыр
-3
bekov01
2017-10-27 16:03:24
akkarga, кыз туш кордун беле
+3
rysik79
2017-10-27 10:20:24
Ой бааай
0
Tyty1990
2017-10-27 10:21:58
Зын зын зын зынК
+1
Soni130587
2017-10-27 11:01:12
Ажалын жетпесе корор кунун болсо жашай берет экенсин да, жолдо бара жатып жыгылып олуп калып атпайбы океан эмес.
+17
Kalemger
2017-10-27 11:14:07
Soni130587, туура айтасыз
+3
Firdaus-Muslim
2017-10-27 12:02:23
Ой тообо, таң калыштуу.
0
kechirmeni
2017-10-27 12:34:05
бул жагы кино го чындап приключение го
+3
Bak.taalai
2017-10-27 14:53:38
5ай боюу ууужас озумду элестетип кеттим уктап турсан кундо эл жок коркунучтуу океан озгочо карангыда. Акула кит жеп кетет го деп коркуп атып эле ажалдан мурун олмок болушум керек.
+4
ALMAAAN
2017-10-27 15:33:33
Кино кино го тан калычтуу
+1
Bektur.osh
2017-10-27 16:56:12
кино тарткыла
0
Syn4y
2017-10-27 17:17:52
Уже сценарийин жазып башташыптыр, кино тартабыз деп
0
peach
2017-10-27 20:06:49
Яхтасы когоруп бараткан го жылбай тура берип
0
mirlanpiter
2017-10-28 01:40:59
Аял киши негизи олбос(живучий) келишет
-1
nazira...
2017-10-28 09:12:54
Тобааа коркпогон кандай аялдар десен, оздору эле сузуп жоногон. айланайын биз болсок куйоолорубуз отур уйдо деп, же куйоолрубуз же балдарыбыздын бироосу менен чыкмакпыз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан