Кичинекей экендигине карабастан Кыргыздын жигиттерин даңктап ырдап, кыргыз эстрадасына жылдыздай жарк этип, көпчүлүк күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Клара Алибекова бүгүн, 27-октябрда 35 жашка толду.
Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап чалганыбызда, ыраазычылыгын билдирип төмөнкүлөргө токтолду: "Жыл сайын өздүк майрамымды үй-бүлөм, санаалаш досторум, жакындарымдын курчоосунда белгилейм. Быйыл да дал ушул адамдар менен белгилейин деп турам".
Көтөрүңкү маанайда өзүнүн туулган күнүн белгилеп жаткан ырчы айым чыгармачылыкка билек түрө киришип, жаңы чыгармаларды жаздырып жаткандыгын кошумчалады.
"Буюрса жаңы ырларды жаздырып, чыгармачылыкка баш-отум менен киришип жаткан учурум. Жакын арада күйөрмандарымды жаңы чыгармаларым менен кубантам", - дейт ал.
Ырчы Клара Алибекова Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарчасында 1982-жылы төрөлгөн. Алгач 5-классында “Кыргызымдын жигиттери” аттуу ырды аткарып калың элге таанылган. Андан кийин “Классташым”, “Энекем”, “Сүйүү керемети” жана башка ырларды аткарган.
27-октябрга карата жылнаама.