ЖЫЛНААМА, 27-ОКТЯБРЬ: Жол кырсыгына кабылып, 26 күн комада жатып айыккан актёр Михаил Караченцов 73 жашка толду

Советтик кино жана театр актёру, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алган Орусиянын эл артисти Николай Караченцов бүгүн, 27-октябрда 73 жашка толду. Көптөгөн ролдорду жаратып, калың элге таанылып турган кезинде күтүлбөгөн кырсыкка кабылып, тагдырдын оор сыноосуна туш болгон. Ошол окуядан кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелбесе актёр дагы далай ролдорду жаратмак...

Алдыга коюлган максат

Кинодо, спектаклде жараткан ар бир ролу эң мыкты деген баага татып, көрүүчүлөрдүн көз алдында калган Каранченцов чыгармачылык жолун мектепти аяктаган соң баштаган. Алгачкы жараткан ролу "Актив" тобунун курамында жүргөн кезинде "Фигаро" спектаклинде болгон.

Актёр өзү сүйгөн актёрлук чеберчиликтин кесипкөй адиси болууну чечип, 1963-жылы Москва академиялык көркөм театрынын алдындагы мектеп-студиясына өткөн. Окуп жүргөн мезгилинде "Метелица" спектаклинде Панхонун образын жаратып, эң мыкты образ жараткандыгы үчүн сыйлыкка татыган.

Эмгектин жана таланттын артынан келген популярдуулук

Театрда жараткан жана актёрго популярдуулукту алып келген делип "Юнона жана Авось" спектаклиндеги графтын ролу эсептелет. Дал ушул спектакли менен актёр дүйнөнүн жарымын кыдырып, болуп көрбөгөндөй атактуулукка жеткен. Көпчүлүк көрүүчүлөрдүн эсинде калган, спектаклде аткарылган "Я тебя никогда не забуду" ыры актёрдун визиттик карточкасына айланган.

Киного Николай 1967-жылдан баштап тартыла баштаган. Алгач ал "...Кайрадан май" аталышындагы фильмде роль жараткан. Актёр балдарга арналган "Старший сын", "Белые росы", "Собака на сене", "Трест, который лопнул", "Приключения Электроника", "Человек с улицы Капуцинова" тасмаларында да роль жаратып ошол мезгилдеги кичинекей көрүүчүлөрдүн кумирине айланган.

Караченцов түрдүү жанрдагы спектаклдерде, кинолордо өзүнө берген ролду ийинине жеткире аткарып, ар бир образды мыкты ачып бере алган.

Өмүрүн эки бөлгөн каргашалуу күн

2005-жылдын 28-февраль күнү актёр жол кырсыгына кабылат. Анда ал шаардын четиндеги үйүнөн Москвага кайненесинин каза болгонун угуп шашып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Караченцов баш мээсинен оор жаракат алган. 26 күн комада жатып кайра эсине келген Караченцовдун ден соолугун калыбына келтирүү үчүн дарыгерлер бүт аракеттерин жумшаган. Актёрдун абалы жакшырганы менен, ал өзүнүн чыгармачылыгын уланта алган жок. Караченцовду колдоп дайыма жанында жүргөн жубайы Людмила Поргинанын айтымында, дайыма көпчүлүктүн көңүл чордонунда жүрүп, бир күндүн ичинде эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болуп калыш актёр үчүн эң чоң сокку болгон. 12 жыл мурун болгон каргашалуу окуя кайрадан 2017-жылдын 28-февраль күнү кайталанып, артист экинчи жолу жубайы менен кайрадан жол кырсыгына кабылган. Бирок, бактыга жараша, эч ким оор жаракат алган эмес.

Жеке жашоосу

Караченцов 1975-жылы жубайы Людмила Поргинага баш кошкон. 1978-жылы экөө уулдуу болушкан, азыркы тапта актёрдун уулу адвокат болуп эмгектенет.

27-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан