Лос-Анжелесте Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын III фестивалы өтүп жатат. "Анын ачылыш аземи 25-октябрда башталган, маданий иш-чара 3-ноябрга чейин уланат", - деп билдирди бүгүн, 27-октябрда Кинематографисттер кеңешинин мүчөсү Чолпон Идирисова SUPER.KG порталына.
Ал кабарлагандай, Кыргыз өлкөсүнөн фестивалга кинооператор Мурат Алиев, кинорежиссёр Актан Арым Кубат жана фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз катышууда. Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мурат Алиев кинофестивалдын алгачкы ардактуу байгесине арзыды.
"Лос-Анжелесте өтүп жаткан фестивалдын алкагында Кыргыздын "Кентавр", "Саякбай" жана "Мунабия" тасмалары көрсөтүлөт. Фестиваль 2015-жылдан тартып өткөрүлүп келет. Ага Азия аймагындагы мамлекеттерден "Оскар" жана "Алтын Глобус" кино сыйлыктарына көрсөтүлгөн гана тасмалар катыша алат. Аsia World Film Festival кино фестивалына Азия аймагында жайгашкан 50 өлкө катышат", - дейт Идирисова.