"Ата Мекенчи" Райкан Төлөгөнов 15 жылга кесилди

Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча өкүм чыкты. Ага ылайык, Төлөгөнов күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратылды. Ага карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырды.

Прокурорлор соттолуучунун үй-мүлкүн конфискациялап, аны күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратууну сурашкан. Ал эми адвокаты бул иш атайын токулуп жасалганын, күнөөсүн далилдеген фактылар жок экенин айтып соттон Төлөгөновду актап берүүнү сураган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан экс-депутаты Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталган. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

Маалымат үчүн: Райкан Төлөгөнов белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Daiis
2017-10-27 19:58:06
Ошондо 28 марттан бери камакта беле ээ
-1
kychan.98
2017-10-27 20:45:42
Бичара... Мышыктын баласы да турмого тушбосун
-4
Azat.97
2017-10-27 21:38:41
Куноосу бар болсо туура эле чечим.
-5
zamirbekorozalimovkg
2017-10-27 22:07:28
Ата мекенчилер баарын камап жататго еми республикага отсо керек
-2
Makain
2017-10-27 23:18:44
Убагында жон журсо болмок байлыгына чиренип журчу эле деп угам
0
Shahrizaada
2017-10-28 04:00:43
Тологон Касымбековдун уулубу бул?
+3
Xanisha
2017-10-28 06:45:58
Туура чечим
-3
Zalkar_Shamaldy-Sai
2017-10-28 08:09:07
Касымбековдун ууду эмес ал 1938-жылы олгон баласы болгондо 80ге чыкмак
-2
Krai
2017-10-28 10:18:09
Zalkar_Shamaldy-Sai,тологон касымбеков 1931- жылы туулган 2011- жылы каза болгон каяктагы 38- жылы каза болгон деп атасын
Бул нак эле Тологон касымбековдун уулу болгон
+4
Nanei
2017-10-28 12:31:17
Zalkar_Shamaldy-Sai,Касым Тыныстанов менен алмаштырып жатсаныз ке
рек
0
Rifle_I
2017-10-28 08:54:34
2010-жылы Ош окуясында канчалаган кыргызды кырган өзбектер эркиндикте жүрөт. Ал эми кыргыздар саясий куугунтукка алынып камалып жатат. 15 жыл оюн эмес, ал бүт өмүрү да
+3
Shaa-82
2017-10-28 09:14:52
Соттор куноосун далилдей албагандан кийин кантип беттери чыдап 15 жыл деп окумду угузушту экен? Далилсиз эле камалып аткандар кобоюп барататго мындан ары кандай болот, кезек кимдики экен эми? Тологон Касымбековдун небереси дешип атты элего. Адам олтургондор жон эле акталып чыгып кетип атат, куноосу жоктор 8,13,15 жылга кетип атат тообо, тушунбойсун киши.
+4
meku89
2017-10-28 09:33:54
Эх соттор, кыяматта кантип жооп берер экенсинер.
+5
Krai
2017-10-28 10:03:12
Ушу кантип болсун эч болбосо атасы Тологон Касымбековдун арбагын сыйлабапсынар Маркум Тологон Касымбеков убагында билбесе керек кыргыз бийлигинин оз уулун соттоп жиберерин Кыргызстандын тарыхын омур баянын бир гана чыгарма ошол Касымбековдун сынган кылычы уйротподу беле аттин
+4
Alixan-Nookat.2015
2017-10-28 11:29:46
Бул жанагы Абдуллонун корсотмосу менен эле соттолуп кетти окшойт.
+4
Targarien
2017-10-28 13:22:35
Педафилдерге 5 жыл берип анан майласа бошотуп салышат анан саясий ишмерлерди жакпаса эле 15 жылга кесип салат Соз тандабас ХХХХ кылганы да
+5
Nazaralikarakulja
2017-10-30 02:52:17
Ошол Абдулло кобун каматат ал секреттерди баарын билет экен аны жок кылыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан