"Жди меня" көрсөтүүсүнүн жаңы алып баруучусу көрүүчүлөр тарабынан кескин сынга кабылды. Бул тууралуу социалдык тармактардагы колдонуучулардын пикиринен улам жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Жди меня" берүүсүнүн НТВ каналындагы биринчи чыгарылышы кечээ, 27-октябрда эфирге чыккан. Анда миллиондогон көрүүчүлөрдүн алдына көрсөтүүнүн жаңы алып баруучулары Сергей Шакуров жана Юлия Высоцкая чыккан.
Студияда жакындарын издеп жаткан коноктордун түркүн окуялары айтылды. Мурункудан айырмаланып берүүнүн жүрүшүндө жоголгон адамдарды издөө иштери да көрсөтүлгөн.
Көрсөтүүнүн аягында көптөгөн адамдар жакындарын таап, ал эми алып баруучулар тынбаган кол чабуулардын алдында келе жаткан жумада көрүшөрүн айтышып коштошушкан. Телекөрсөтүүнүн алгачкы берүүсү мыкты өттү деген менен, алып баруучу Юлия Высоцкаяны кескин сындагандардын саны көбөйгөн. Алардын бири бул алып баруучунун орду тамак-аш тууралуу тартылчу ток-шоу берүүсүндө десе, айрымдары Юлия такыр адамдарга кошулуп, аларга өзүнүн эмоцияларын билдире албастыгын баса белгилешкен.
Эскерте кетсек, Орусиянын Биринчи каналы "ВИД" телекомпаниясы менен "Жди меня" берүүсүн эфирге чыгаруу боюнча мөөнөтү бүткөн келишимди узартуудан баш тарткан.