Жалал-Абадда 2 мектеп окуучусу “1 миллион сом уурдады” деп шектелүүдө

Жалал-Абад шаарындагы 14 жашар 2 мектеп окуучусу “1 миллион сом уурдады” деп шектелүүдө. Маалыматка ылайык, 2-май күнү аталган шаардын Ички иштер башкармалыгына Т.Тилек аттуу жаран кайрылып, үйүнөн 1 миллион сом акчасы, “Asus” үлгүсүндөгү ноутбугу жана “SONY PLAYSTATION” оюн аппараты уурдалгандыгын айткан. Арыздын негизинде укук коргоо кызматкерлери ыкчам чара көрүп, жыйынтыгында №21-мектептин 7-классынын Давран А. жана Акбаржан К. аттуу окуучулары кармалды. Жашы жете элек өспүрүмдөрдөн кылмышка далил катары 602 390 сом жана “Asus” үлгүсүндөгү ноутбук алынган. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tynara81
2013-05-30 13:57:49
Муну кандай атаса болот. Зарыл болгондон алды дейин десен, ошончо акчаны не кылышат, калганын кайда иштетишти. Тарбиясы жок да. Туугандар оз ордун билип журушсо болоор эле.
0
Mitisboy
2013-05-30 14:37:17
Кандай баштары иштебеген неме булар ошол 7-класстын окуучусу эмнени билмек эле тем более урдаткан адам бир миллион акчаны билине турган жерге катмакбеле 602 390 сом алынды дейт анда 397 610 сомду 2,3 күндө эле жеп койушуптурбу вот это фокус я не верю это пастава.
0
belya
2013-05-30 15:38:07
Азаматтар, нак коррупционерлерди кармашыптыр!
+1
Sagy
2013-05-30 19:10:37
Мына азыркы замандын келечек муунга болгон тарбиясы, узуру..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан