Баткен шаарынын Мырза Добутов аттуу тургуну өз каражатына жаштар үчүн спорт зал курууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу кабарлады. Маалыматка ылайык, ага достору да жардам беришүүдө.
"Спорт зал жакында ишке берилгени турат, жаштардын туура жолго түшүүсүнө чоң салымын кошту. Жеке ишкерлерге үлгү болчу адам экен. Жогорку Кеңештин депутаты кылбаганды баткендик карапайым ишкер кылып жатат", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.