"Супер сулуу-2012" сынагынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаева турмушка чыкты, үлпөт тойдон фоторепортаж

Бүгүн, 28-октябрда "Супер сулуу-2012" сынагынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаева турмушка чыкты.

Гузеля жана жолдошу Калыстын үлпөт тою Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде өтүүдө. Жаш жубайларды куттуктап жакындары жана сахна жылдыздары Акбар Сүйүнбаев, Назми, Мирбек Атабеков жана Каныкей келген. Эстрада жылдызы Назминин аткаруусундагы "Жар-жар" ырынынын коштоосунда кирип келген эки жашты коноктор кол чабуу менен тосуп алышты.

Кызын узатып бир четинен кубанып, бир четинен ичи ачышып турган сулуунун апасы өз сезимдери менен бөлүштү: "Экинчи кызымды турмушка узатып жатам, толкунданып жаткан учурум. Бир ай мурун эле дагы бир кызымды узаткам. Эң негизгиси эки жаш бактылуу болсо ошол бизге чексиз кубаныч", - деп билдирди Мухабат Самудинова.

Түгөйлөр эки жылдан ашуун убакыт кыз-жигит катары сүйлөшүп анан баш кошууну чечишкен. 25-октябрда кыргыздын салты менен кыз узатуу тою болуп өткөн. Эки жашты куттуктап кубанычын тең бөлүшүп келген эстрада жылдызы Каныкей Гузелянын адамдык сапаттары эң мыкты кыз экенин айтып төмөнкүлөрдү билдирди: "Биринчиден, эки жашты куттуктап кетмекчимин. Гузеля менен Калысты аз гана убакыт билсем дагы, алардын кандай мыкты адамдар экенин жакшы билем. Буюрса, үлгүлүү, бактылуу түгөйлөрдөн болоруна ишенем".

Айта кетсек, Гузеля Келдибаева "Супер сулуусу-2012" сынагынын жеңүүчүсү деп аталып Гоага жолдомо утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
erkeleim
2017-10-29 01:46:47
XXXX сулуу баркы кетти каждый экинчиси мисс кр бири жаз сулуусу куз сулуусу ош сулуу тош сулуу тообо нагыз сулуулар биздин энелерибиз болгон тарбиясы бар акылы бар койногунун этеги мн жени бар
+10
12.12.12
2017-10-29 03:13:43
Бироону сындардан мунун озунорду кузгудон карагылачы. Бактысыз адамдын баары бироонукуно коз артат. Жон гана бакыт тилеп кой болд.
-3
Freemankg
2017-10-29 03:34:14
2012 сулуусу ушу болсо, мейли анда, бактылуу болсун .
+3
ice87
2017-10-29 06:24:04
Сулуу эле экен:бою узун,кырдач мурун,дагы,дагы
+2
Lilia11
2017-10-29 07:33:41
Бактылуу болушсун! Койногу Анжеликанын клибиндеги койногуно окшош экен. Кыздарф менен ырдган клиби бар го....
0
Edelveis929317
2017-10-29 09:56:29
Сулуу болгон кезинде кашы ичке экен эле,5 жыл жакшы баккан го семирип калыптыр.
+1
aidemi
2017-10-29 10:04:32
Кыргыздын ар бир кызы сулуу.Бактылуу болгула!
+2
maks94.kb
2017-10-29 10:17:56
Акбар суйунбаев мункун Кубанычбековду көрө албай жатам
+1
dastan_nookat
2017-10-29 11:10:24
Бактылуу үй-бүлө болгула!!
+1
melante
2017-10-29 12:21:39
Бактылуу болсун ар Бир кыргыз кызы.бирок таанышы кучтуу экени даана байкалып эле калыптыр,супер сулуу болом деп карапайым кыз аракет кылбай эле керек экен да
+2
Karban86
2017-10-29 12:45:13
Кузгу кузгу айтчы ким сулуу
-1
gulzat85
2017-10-29 13:46:06
Ушул кыз сулуу болсо анда соз жок
-3
Beks.Kasymov
2017-10-29 13:54:30
туй атанардын гору 2012 жылы менмин деген сулуунун суротун апкелгилечи.
+1
AKCAHAT
2017-10-29 21:43:26
Испанияга окууга кеткен элего, мактанып мен сулуукенмин испандар карай беришет бла бла деп а так фигурасы сонун, бирок бети аябай чон экен мурдунун кырдачтыгы эле болбосо кашы деле укмуш тату го когоруп.
0
nuriwka
2017-10-30 00:26:19
Ушундай сулуулар мындай типтеги эркектерди каяктан эле таап алышат
деги бети башын тоголок кылып. Мисалы Алиша Дианын куйоосу Жана Рахат Божокоеванын куйоолору. оздору назик эле анан куйоолору эле лаккыйып турат. эээххх о вкусах не спорят дейт беле. Эмнеси болсо да бактылуу болушсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан