"Толубай сынчы", "Муздак дубалдар", "Жети сөз жана Конфуций" китептеринин автору, белгилүү жазуучу Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы 30-октябрда Алай районундагы Кердегей айылында туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965-1967-жылдары Москвадагы Жогорку сценарий жазуу курсунун угуучусу болгон. Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган. 1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы "Кыргызстан" сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп эмгектенсе, 1964-жылдан облустук "Ленин жолу" гезитинин адабий кызматкери, 1965-1985-жылдары "Кыргызтелефильм" студиясында редактор болуп иштеген.
Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталып, биринчи аңгемелер жыйнагы "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген ат менен 1967-жылы басылып чыккан. Андан соң бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.
Кубатбек Жусубалиев 1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.