Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Баетов көчөсүндө турак жай өрттөнүп эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 29-октябрь күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында болгон. Натыйжада 44 жаштагы М.Э. жана болжол менен 30-35 жаштагы Вика аттуу аял түтүнгө ууланып каза болгон. Алардын жансыз денелери милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Андан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан өрт тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам чыкканын кабарлашты.