ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: Төрөлүктүн каадасын сактап, эл жыйналган жерде ырдабаган акын жана ойчул Калыгул Бай уулу мындан 232 жыл мурун туулган

XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине бөтөнчө кеңири белгилүү болгон нускоочу, ойчул акын Калыгул Бай уулу 1785-жылы 31-октябрда Ысык-Көлдүн күңгөйүнүн Карай-Ой деген жеринде туулган. Бардар үй-бүлөдө төрөлгөндүктөн атасынан калган оокатка ээ болуп, өмүрү өткүчө эч нерседен кор болгон эмес. Ал өткөн доордогу бизге белгилүү кыргыз сөз устаттарынын бири.

Эр жеткен кезинен эле элге тамсилчи, акын катары тааныла баштайт. Ал көпчүлүк акындардай комуз күүлөп, үн кошуп ырдабастан алдына келген адамдарга макалдатып айтып берген. Ошондой эле төрөлүктүн каадасын сактап, эл жыйналган жерде ырдачу эмес.
Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орунду ээлесе да, санат, насыят, терме, адамдын жүрүш-турушун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптары да арбын болгон. Тоголок Молдо, Сагынбай, Шапак, Ыбырай, Абдыкалык өңдүү көрүнүктүү карыя акын, өнөрпоздордун айтымына караганда Калыгул кыраакы, көрөгөч, даанышман адам катары таанылган.
Акын 1855-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жеринде 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Өлөрүнөн бир күн мурун алыска жол тартып баратып, Чолпон-Атага кире бериш жердеги жолдун жээгин көрсөтүп, "менин сөөгүмдү ушул жерге койгула", - деген керээзин айткан экен. Ошонун эртеси Байсоорунда жол жүрүп бара жатып каза табат. Керээз боюнча сөөк Кара-Ойго коюлган.
31-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан