Маалыматка ылайык, Мик Жаггер концерттик турдун алкагында Париж шаарында концерт өткөрүп жаткан. Нур Альфалло ошол учурда сагынычын жоюу үчүн сүйүктүүсүнө учуп келген. Концерт бүткөн соң түгөйлөр бир каттам менен АКШга учуп кетишкен.
Маалымдай кетсек, Мик Жаггердин мурунку 5 аялынан 8 баласы бар. Өткөн жылы эле 30 жаштагы балерина аялы Мелани Хэмрик уул төрөп берген. Бала төрөлгөн соң Жаггер менен Хэмрик ажырашып кетишкен.