Лос-Анжелесте өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын III фестивалына Голливуд актрисасы Анжелина Жоли катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз маалымдады.
"Ал киши атайын азиялык киночулар менен баарлашып, жакындан таанышайын деп келиптир. Өзүнүн бир тасмасы биздин фестивалга катышууда. Ал абдан жөнөкөй адам экен, көпкө маектештик. Сүрөткө түшкүсү келген күйөрмандарынын бирине да каршылык көрсөткөн жок. Баса, Кыргыз өлкөсүндө өтө турган Көчмөндөр оюнуна да чакырдым, ойлонуп көрөрүн айтты", - деди ал.
Белгилей кетсек, фестиваль 25-октябрда башталып, 3-ноябрга чейин уланат. Ага Кыргыздын "Саякбай", "Кентавр", "Мунабия" тасмалары катышууда.