Бүгүн, 31-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады: өлкөнү келерки 6 жыл Сооронбай Жээнбеков башкарат. Анын жеңиши канчалык таза? Буга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгына күмөн жараткан журналисттик иликтөөнү “клооп.кг” сайты жарыялады.
Иликтөөнүн негизги жагдайларына токтолсок. Макалага ылайык, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тийиштүү серверде 2017-жылдын 13-сентябрынан 14-октябрына чейин "самара.кг" мамлекеттик эмес сайты жайгашып, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турган. Бул серверде бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтары (паспорт номери, жеке идентификациялык номер, биометрикалык маалымат) сакталат. Мындай мүмкүнчүлүк талапкердин үгүт иштеринин жүрүшүн кыйла жеңилдете алат. Ошондой эле дагы бир топ далилдер бар экенин, аларды өз учуру келгенде аталган сайт жарыялай турганын айтты.
Журналисттик иликтөөдө келтирилген маалыматтарды Мамкаттоо кызматы жалган деп, факты менен төгүндөбөдү. Болгону журналисттерге "серверди коргоо системи бизде күчтүү, аны бузуп маалымат алуу мүмкүн эмес" деп кутулду. Мамкаттоо кызматы журналисттик иликтөөдөн улам белгилүү болгон ишти терең иликтеп, андай болбогонун далилдер менен келтирип, коомчулукта жаралган күмөндү жоюусу керек. Же жалпы жарандардын жеке маалыматтары жетиштүү деңгээлде корголбогондугун, президенттик шайлоо маалында шайлоочулардын жеке маалыматтары мамлекеттик эмес сайтка көчүрүлгөнүн моюнга алып, кылмыш иши ачылып, иликтөө башталышы керек. Экинчи вариантта анда шайлоо жыйынтыгынын легитимдүүлүгүнө шек жаралат. Бирок мунун ордуна Каттоо кызматы “клооп.кг” сайтынан макаланы төгүнгө чыгарууну талап кылган. Журналисттер иликтөөдөгү маалыматтарды калп деп төгүндөө бербейбиз деп, тескерисинче бул маалыматтар терең изилдениши керегин айтышууда. Аларга иликтөөгө жардамдашкан "Qurium" швед фондунун криминалисттери да "бул иш терең иликтениши керек" деп сунушташты. "Клооп.кг" макаласын төгүндөөдөн баш тартканы үчүн Мамкаттоо кызматы аны менен соттошкону жатат. Эми кимиси чындыкты айтып, кимиси аны танып жатканы сотто белгилүү болмокчу жана анда кызыктуу факттар ачыкка чыкмакчы. Эгер Мамкаттоо кызматы соттук процессти жабык эшик артында өткөрүүнү демилгелесе, анда шайлоодогу чуу жаратчу факттарды жашырууга аракет катары кабыл алынат. Азыркы бийликтин тушундагы соттор журналисттерге каршы миллиондогон доо-арыздарды аёосуз канааттандырып жатканын эске алганда, “клооп.кг” жүргүзгөн иликтөө "карандай калп" деген статус алып, миллиондорго жыгылып калуу коркунучу бар.
Эске сала кетсек, Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турганда 2015-жылдагы парламенттик шайлоого карата бир партия биометрикалык маалыматтар сакталган серверге доступ алуу үчүн 1,5 миллион доллар сунуштаганын айткан эле. Кайсы партия тарабынан мындай сунуш түшкөнүн ачыктабаса да, ал партия учурда парламентте экенин билдирген. Кийин ал бул сөздү ушак катары уккамын деген. Жогорудагы журналисттик иликтөө дал ушул сервердин кымбатка бааланган “ачкычынын” айланасында болууда. Коомчулукта Каттоо кызматына, бийликке карата жаралган күмөн ынанымдуу фактылар менен жоюлушу керек. Болбосо шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгаруу керекпи деген суроо күн тартибине чыгат...
Жолдордун сапаты боюнча Бүт дүйнөлүк экономикалык форум түзгөн рейтингде 137 мамлекеттин ичинен Кыргыз 122-орунду алды. Артта калган 15 өлкөнүн ичинде Африка континентинде жайгашкандар жана постсоветтик алкакта Молдова менен Украина гана бар. 4 миллиард доллардан ашкан Кыргыздын тышкы карызынын эң көп бөлүгү дал ушул жолдорду курууга жана оңдоп-түзөөгө алынган. Ага карабай Кыргыз өлкөсү калкынын санына жараша жол кырсыктарынан кайтыш болгондордун көптүгү боюнча соңку жылдарда алдынкы сапта келе жатат. Авариянын кесепетинен көз жумгандардын саны жыл бою миң адамдан ашат, ал эми майып болуп, түрдүү ооруларга кабылгандар андан 10 эсеге көп. Атүгүл жол коопсуздугу боюнча жооптуу болгон аткаруу бийлигинин чоңу, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгынан кайтыш болду. Бийлик болсо бул жаатта дале кебелбейт. “Коопсуз шаар” аталган долбоордун унутта калганы, ал эми “Таза коом” деп жар салынган долбоордун жол коопсуздугуна тиешелүү тармагы азырынча ишке аша электиги күн сайын жолго чыгып жаткан жарандардын үйүнө кайтпай калуу тобокелин арттырып жатат...
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина бүгүн “президенттикке талапкер боло туруп, жарандарга кат жөнөткөн депутатка карата УКМК тарабынан чара көрүлөбү?” деп суроо салды. Сөздүн төркүнү Өмүрбек Бабановдун штабы аркылуу добуш берүүчүлөргө “өз колуна тапшырылсын” деген жазуусу бар каттардын таратылуусу тууралуу болуп жатат. Үгүт кампаниясы учурунда мындай жаңы ыкманы 2015-жылы парламенттик шайлоодо “Республика-Ата Журт” партиясы колдонгону белгилүү. Карамушкина да бийликчил партияда болгонуна карабастан, шайлоого жакын ошондой каттардын бирин алганын айтты. “Жарандардын бардык маалыматы, дареги бир адамдын колуна түшүп калыптыр. Маалыматтык коопсуздук менен алектенбейсиңерби?” деди депутат УКМКнын өкүлүнө. Чекист эл өкүлүн канааттандырган жооп узатпаса да, тапшырма алганга тете болду. Андыктан, жакын арада Бабановдун “бакыт каттары” ага жаман кабар жеткириши ыктымал...