23 жаштагы Ширин Бейшембекова аттуу Кыргыз кызынын эки бөйрөгү иштебей калып Түркиянын Денизли шаарындагы жеке ооруканада 46 күндөн бери жатат. Апасы Анара Жамкешова 31-октябрда SUPER.KG'ге кызынын абалы өтө оор болуп жатканын айтып, жардам сурап кайрылды. Кызы Ширин бир жарым жыл мурун аталган шаарга барып башка бирөөнүн 2 жаштагы кызын багып иштеп жаткан.
"Кызым эки бөйрөгү иштебей калып, эс-учун жоготкон абалда 46 күндөн бери жеке ооруканада жатат. Дарыгерлер өпкөсүндө да дарт бар деп жасалма жол менен дем алдырышууда. Тамакты мурдунан салынган түтүк менен беришет. Жатканына бир жума болгондон кийин наркоздон ойготушкан, бирок кайра "ичине инфекция кирип кеткен" деп кайра наркоз сайып уктатып коюшту.
Бул ооруканада дарылануу аябай кымбат экен. Айрым кыргыз балдар жана кызым баласын карап иштеген үй-бүлө жардам берип жатышат. Бирок алардын да көп жардам берүүгө чамасы калбай калды. Ошондуктан элчиликке кайрылып, мамлекеттер аралык квота менен мамлекеттик ооруканага котортуп берүүнү сурангам. Элчилик Кыргыз мамлекетинин Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылса, 2017-2018-жылдарга каралган квоталар калбай калганы боюнча жооп келиптир. Элчилик менин өзүмдү кайрылып көрүүмдү айтышууда. Ошондуктан мамлекеттен, элден жардам сурайм", - деди Жамкешова.