Соңку кезде 48 жаштагы Голливуд жылдызы Женнифер Лопес менен 42 жаштагы бейсболчу Алекс Родригестин сүйүү мамилеси күн сайын күчөп бараткандай. Дайыма чогуу жүргөн түгөйлөр алгачкы ирет америкалык "Vanity Fair" журналына кенен маек беришти. Анда экөөнүн алгачкы жолугушуусу, көз караштары жана бири-бирине болгон сүйүү сезими тууралуу кеп болгон.
"Биз ресторандардын биринде таанышып калганбыз. Алгачкы жолугушууда эле Женнифер мага жалгыз бой экенин айткан. Бир эмес, бир нече жолу. Мындан улам дароо дааратканага чыгып, бир аз ойлонгон соң ал меники экенин түшүндүм", - деген Родригес.
Ошондой эле мамиле куруп баштаганына аз гана убакыт болгону менен, экөө бири-бирин жарым сөздөн түшүнүшөрүн жана бул нерсе алардын мамилесин күндөн күнгө бекемдей турганын айтышкан.
"Биз абдан окшошпуз: экөөбүздүн тең жылдыз белгибиз арстан, экөөбүз тең Нью-Йорктонбуз. Айтор, айта берсе түгөнбөйт. Алексти менден жакшы билген адам жок", - деген Лопес.
Ал эми үлпөт той жөнүндө кеп козголгон эмес. Бирок айрым маалымат булактары түгөйлөр азыркы учурда үйлөнүү тойго камынып жүрүшкөнүн жазышкан.
Айта кетсек, Женнифер Лопес менен Алекс Родригес 2017-жылдын март айынан тарта мамиле куруп келишет. Буга чейин Лопес Марк Энтони менен бирге жашап, андан 2 балалуу болсо, Родригестин да биринчи жубайынан 2 кызы бар.