1997-жылы 1-ноябрда айсбергди сүзгөн кеме жөнүндө тартылган "Титаник" тасмасынын бет ачары болгон. Фильм тез арада популярдуу болуп, 1998-жылы "Оскар" сыйлыгына 14 номинация боюнча көрсөтүлүп, алардын ичинен "Мыкты тасма" баш болгон 11 наамга ээ болгон. Андан бери 20 жыл өтсө да, тасма өз популярдуулугун жоготпостон телеканалдар аркылуу бат-баттан эл назарына коюлуп турат.
Тасманын режиссёру жана сценаристи – Жеймс Кэмерон. Кинодогу башкы каармандардын образдарын Леонардо Ди Каприо, Кейт Уинслет сыяктуу белгилүү актёрлор аткарышкан.
Жеймс Кэмерон “Титаник” боюнча алгач 1987-жылы документалдык фильм аркылуу билген, ошондон бери кино тартуу жөнүндө идея ага тынчтык бербей койгон. 1994-жылы 167 беттен турган сценарий жазып, аны “20th Century Fox” кинокомпаниясына сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү ойлонбостон режиссёрго 3 миллион доллар бөлүп берүүнү чечкен.
Өзүнүн тасмасынын негизги “каарманы” менен жакындан таанышуу максатында Кэмерон 1995-жылы орусиялык илимий-изилдөөчү команда менен бирге океан түбүнө 12 жолу чумкуган. Ошондо эле фильмдин алгачкы эпизоддору тартыла баштаган.
Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллионго чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча тыйын алууга мажбур болгон. Мындай жардамы үчүн “Paramount Pictures” тасманы Түштүк Америкада жайылтуу акысына ээ болгон.
Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созуларын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Бирок Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөттү түзгөн.
"Титаник" тасмасы тууралуу кызыктуу фактылар:
1-ноябрдын жылнаамасы.