“Өмүрбек Бабановду “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен кетирүү боюнча 11 депутат кол коюп бериптир деген сөздөр болуп жатат. Мен да макул болуп, 12-депутат катары кол коюуга даярмын”, - деп бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына депутат Зарылбек Рысалиев билдирди.
Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясы 28 депутаттан турат. Лидерин кетирүүгө 15 мүчөсүнүн макулдугу жетиштүү.
Айта кетсек, кечээ, 31-октябрда аталган фракциядан депутат Алтынай Өмүрбекова лидер алмаштыруу жөнүндө сөз болбогонун билдирген. Өмүрбекова бул сөздү сырттагылар чыгарып жатышканын айткан. Фракциянын лидерин кетирүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы боюнча айрым маалымдоо каражаттары парламенттеги булактарына таянып жазышууда.