Түркияда эки бөйрөгү иштебей менчик ооруканада 46 күндөн бери жаткан 23 жаштагы Ширин Бейшембекованын дарылануусу боюнча Кыргыздын Түркиядагы элчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтаптын апасы элчиликке кайрылгандан кийин Кыргыз элчилиги Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышкан. Учурда Ширин Бейшембекованы мамлекеттик ооруканалардын бирине которуп бекер же жеңилдетилген түрдө дарылануусуна шарт түзүү аракеттери көрүлүп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин 31-октябрда SUPER.KG'ге Ширин Бейшембекованын апасы Анара Жамкешова кызы Түркиянын Денизли шаарындагы менчик ооруканада 46 күндөн бери дарыланып жатканы тууралуу билдирген.