Октябрь айынын акыркы күндөрү Индияда Говардхан Пуджу майрамы белгиленди. Бул майрамдын негизги бөлүгү болуп кичинекей балдарды уйдун кыгына оонатуу болуп саналат. Ата-энелердин ишенимине ылайык кыкка оонаган балдар келечекте ден соолугу чың жана ийгиликтүү адам болуп чоңоюшат. Бул өзгөчө салт Индиянын Мадхья-Прадеш штатында жайгашкан кичинекей Бетуль кыштагында пайда болгон.
Кичинекей балдардын ыйлаганына жана каршылык көрсөткөнүнө карабай ата-энелер аларды кыкка оонатуунун аракетин көрүшөт.
Негизинен Говардхан Пуджу майрамы илгери Индиянын карапайым эли Говардхан тоосуна барып, Жаан-чачындын кудайы аталган Индрага сыйынуудан улам келип чыккан. Дыйкандар жана малчылар майрам күнү тамактын 100дөн ашуун түрүн жасап Говардхан тоосуна алып барып Индрага сыйынышчу. Тоого коюлган тамак-аштар ыйык деп эсептелинип, бул майрамга келген ар бир адам ошол ыйык тамактан ооз тийип кеткенге аракет кылчу деп жазылган индиялыктардын "Шримад-Бхагаватам" китебинде. Майрамдын өзгөчө жана эң маанилүү бөлүгү болуп кичинекей балдарды алардын жаркын келечеги үчүн уйдун кыгына оонатуу болуп эсептелген. Алардын ишеними боюнча уйдун кыгы бардык жаман күчтөрдөн тазалап кичинекей балага жакшы энергия тартуулайт.