Бүгүн, 1-ноябрда белгилүү эстрада ырчысы Гүлнур Сатылганова өздүк майрамын белгилеп, 49 жашка толуп турган маалы. Кыргыз сахнасында өзгөчө орду бар ырчы айымды куттуктап байланышканыбызда, көтөрүңкү маанайда ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн үйүндө белгилөөнү чечкендигин айтты.
"Бүгүн таң эрте Казакстандан учуп келдим. Жыл сайын туулган күнүмдү ар кайсы кафе-ресторандарда жакын адамдардын курчоосунда белгилечүмүн, быйыл үйдө эле тынч өткөрүүнү чечтим. Ага карабастан курбу кыздарым кечинде куттуктап келебиз деп жатышат", - деген ырчы азыркы таптагы жаңылыктары менен да бөлүшө кетти.
"Казакстанда өтүп жаткан "Silk Way Star" эл аралык сынагына Кыргыз мамлекетинин атынан калыстар тобунун мүчөсүндө болгондуктан, азыр эки өлкөнүн ортосунда жүрөм. Ошондой эле жакында "Бакыт кушу" аттуу ырым жарык көрсө, ноябрь айында Европанын бир канча мамлекетине концерт берүү боюнча сунуштар болуп жатат", - деди ал.
Гүлнур Сатылганова 1968-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарчасында туулган. Мектепти 1985-жылы Токтогулдан аяктап, 1987-жылы Искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жетиген" ансамблинде, андан соң "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген. Ырчы "Сагыныч", "Сүйөмүн моокум канбастан", "Кызыл өрүк", "Кызгалдак гүлүм", "Туулган жерди сагынуу" "Булуттар", "Ыр десте" аттуу ырлар менен атактуулукка жетишкен. "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарынын ээси, "Ариет" уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.
1-ноябрдын жылнаамасы.