WhatsApp'тан жаңы функция: эми жөнөтүлгөн билдирүүнү өчүрүүгө болот (толукталды)

WhatsApp тиркемесинде жөнөткөн билдирүүнү өчүрүп салуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу тиркеменин түзүүчүлөрү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, WhatsApp тиркемесинин түзүүчүлөрү СМСти "бардыгынан өчүрүп салуу" жаңы функциясын киргизген. Башкача айтканда, эгер сиз бирөөгө туура эмес билдирүү жазып алсаңыз, ал ачып караганга чейин дароо өчүрүп жетишсеңиз болот. Ал үчүн алгач тиркемени жаңылоо керек. Андан соң жиберилбеши керек болгон билдирүүлөрдү басып белгилесеңиз, (сүрөттө) экрандын башындагы оң жак бөлүгүнө түрдүү варианттар чыгат. Арасынан "өчүрүү" белгисин тандасаңыз "өзүмдөн өчүрүү", "баш тартуу", "бардыгынан өчүрүү" деген варианттар пайда болот. Арасынан керектүүсүн тандоону басканда билдирүү өчүрүлөт.

Билдирүүнү өчүрүп салуу функциясы эки адамдын баарлашуу чатында гана эмес, группалык чаттарда да бар. СМСти өчүрүү үчүн 7 мүнөт гана берилет. Бул убакыттын ичинде өчүрүп жетишпей калсаңыз, кийин мүмкүн болбой калат.

WhatsApp'тын жаңыланган акыркы версиясында быйтыкчаларга дагы өзгөрүүлөр киргенин байкоого болот. Мурдагы быйтыкчаларга көнүп калган колдонуучулар жаңылангандардын көрүнүшүнө көздөрү көнбөй жатканын комментарийлерде жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Adi.Avazbekov
2017-11-01 23:29:17
Jakshy eken
0
Raia81
2017-11-02 00:44:50
Удалить у меня деген эле бар экен
0
Kuba-savai87
2017-11-02 00:50:01
Жанылыгын айткандан кийин, кантип иштеткенди дагы айтып койбойбу? Маалымат таагырак болсо.
0
33SUUN
2017-11-02 04:02:08
Kuba-savai87,мисалы бироого ачуунуз келип катуураак соз жазып жоноттунуз дейли.Бирок кайра ойлонуп -Ушул созду бекер эле жаздым,капа болуп калбас бекен..-деген ой башынызга келгенде кайрадан дароо ватсапка кирип ошол жазган билдируунузду тандап "Удалить у всех" деген тизмекти басасыз.Ошону менен сиздин дагы конулунуз тынч маектешиниз дагы сиздин капа болуп жазып койгон билдируунузду окубай калат.7 минуттун ичинде жана ал сиздин билдируунузду ачып окуй электе очургон болсонуз.
+8
datkayimjan
2017-11-02 07:10:57
33SUUN,зерикпей кантип ушунун баарын жазып чыктыныз)
+2
miss2014
2017-11-02 05:50:12
Ошол функцияны коптон коп кутком,акыры чыгыптыр да
+1
Batma08
2017-11-02 09:32:41
Жаны алгыла ватсапты
0
tolikjarmuhamedov
2017-11-02 09:38:50
Озу эле айтып турат ко кантип иштетишти
0
Lintel
2017-11-02 10:15:21
смайлик тарын озгорбой эле койсо болмок кайра мурдагы эле смайлик жакшы эле
0
Kanybek121195
2017-11-02 10:20:58
Менде болбой жатат го обновить кылсам да?
0
Isco22
2017-11-02 11:22:10
Kanybek121195,сразу эле чыкпайт 1 2 кундон кийин озу пайда болот обновление болгондон кийин
0
madina.87
2017-11-02 11:42:02
исмайыл акалар аябай ынгайсыз болуп жататда.кулсон тили кошо корунуп...
0
ice.baby
2017-11-02 11:57:33
Иштеп жатат
0
Shuhrat4676
2017-11-02 13:38:59
Жакшы экен.
Ошон үчүн 21кылым техниканын кылым деп бекеринен айтылбаса керек
0
Belek2070
2017-11-02 16:02:57
Бул функцияны мен ватсап пайда болгондо эле ойлоп койгон элем, булардын мээсине эми жетиптирго.
-3
NARYN...777
2017-11-02 18:45:54
айланайын бай болгурлар айтып койгулачы
0
afina66
2017-11-02 23:03:22
Менде обновить болгондон кийин сразу еле иштей баштады
0
Domi007
2017-11-03 03:20:56
жаман эле болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан