Памирлик кыргыздар окуп жатышат

Улуу жана Кичи Памирден келген этникалык кыргыздарга Нарын облусундагы №86-кесиптик лицейинин имаратында окутуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалым болгондой, этникалык кыргыздарга беш сабак боюнча Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстардын мугалимдери сабак берип жатышат.

"Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар 2 тайпага бөлүнүп окутулууда. Окуу программасы Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык жумасына беш күн 2,5 сааттан сабак өтүлсө, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган мектептин мугалими Жазгүл Кадыралиеванын маалыматында окуучулардын айрымдары фарсы тилинде окуп, жазганды билет. Ал эми кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуучулардын сабакты кабыл алуулары ар башка болгону менен, программаны өздөштүрүүлөрү жакшы деңгээлде жүрүүдө. Кээ бир окуучулар аз убакыттын ичинде шар окууга жетишти. Кенже курактагы балдарды мектепте окутуу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-02 08:51:01
Эмне учтон отуруп алышкан устол жетпейби ары жакта бироо туруп
+3
Nazaroff1974
2017-11-02 12:13:15
Ата атка така как деп алиппеден башташкан го.
-2
kilim
2017-11-03 01:29:42
Жазгул эже го начальный класста сабак берчу эле бизге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан