ЭЛДИК КАБАР: "Салам-Алик айылында курулушу бүтпөй калган бала бакчанын кыштары ным тартып, четинен жоголуп жатат" дейт окурман

Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айылында бала бакчанын курулушу бүтпөй калып, кыштары биринчи жааган карда эле астынкы катарга чейин ным тартып кетти. Мындай маалыматты бүгүн, 2-ноябрда "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу жөнөттү.

"Айылга салынып жаткан бала бакча өтө чоң эмес. Курулуш иштери ушул жылдын май айында башталган. Дубалы тургузулгандан кийин курулуш иштери токтоп калды. Жакында биринчи кар түшкөндө анын кыштары 1-катарга чейин ным тартып кетти. Мындан тышкары кыштары четинен жоголуп жатат. Бул жылы кыш мезгилинде ушинтип турса кандай болот? Курулушка кеткен каражатты жөн эле жоготуп алабыз", - деп жазган ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
almanbetperm
2017-11-02 11:49:53
Эчтеке эмес,дагын 3 4 жыл турат анан айылынардан депутат болуп бироо чыкса анан бутот. Биздин айылда деле ушул акыбал болгон 2009-жылдары курулган мектеп 2014 бутту, дагын жанына спорт зал куруп берди. Эрнис Толтоев айыл окмот болуп келгенден кийин
Эн жаш айыл окмоту болгон 26 жашында келип жакшы иштерди бутуруп кетти азамат
Кайсы айыл десенер,ошол эле Озгон районуна караштуу Кызыл-октября айыл окмоту
0
nurbekasr
2017-11-02 12:17:24
Эч нерсе болбойт менин үйүм деле ушундай ным тартып кеткен кыштары.Мындай көрүнүштөр дүйнө жүзүндө аябай көп.
0
Real1988
2017-11-02 13:35:11
Байкуш телефон утайын дегенго
+1
Paolo
2017-11-02 14:06:42
Баштап баратып элеее токтоп калышат тооба же такыр баштабай койгула же до конца бутургуло
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан