7-8-ноябрь өлкөдө дем алыш күндөрү деп жарыяланды

7-8-ноябрь ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнү катары ушул жылдан тартып дем алыш деп жарыяланды. Бүгүн, 2-ноябрда бул тууралуу токтомду Жогорку Кеңештин депутаттары колдоду.

Тиешелүү документ менен КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева тааныштырды. Ал 7-8-ноябрь ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнү катары жарыялоо боюнча өлкө башчысынын жарлыгынын негизинде токтом сунушталып жатканын айтты.

Добуш берүүгө 56 депутат катышып, "каршы" добуш бергендер болгон жок.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков 28-октябрдагы эс алуу күнүн 6-ноябрдагы жумуш күнү менен алмаштыруу тууралуу токтомго кол койгон. 5 күндүк иш графигинде эмгектенген мекеме, ишкана жана уюмдардын кызматкерлери 4-ноябрдан 7-ноябрга чейин 4 күн катары менен эс алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
F.C.Chelsea
2017-11-02 15:18:57
Ошондо 8и күнү эс алабызбы?
+1
Alibay
2017-11-02 15:32:13
ошондо 9у ишке чыгабызбы?
0
sarbo
2017-11-02 16:54:53
6-7 деп айтыллып ататко супер инфо тактап бериниздерчи
0
mem77
2017-11-02 16:57:50
Токтом чыгышы керек да, ээ
0
mem77
2017-11-02 17:30:45
Быйыл эмес дейт гоооо
0
Sagyn.91
2017-11-02 17:37:56
Ата бабаларды бир гана ушул куну эскеришибиз керекби?, кызык.
0
Atakem01
2017-11-02 18:34:39
Калган 64ү кайда?
-1
erikkuba
2018-11-10 07:47:42
Не керек ушунча майрам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан