Маданият кызматкерлери кесиптик майрамын чоң программадагы концерттин коштоосунда белгиледи

Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз өлкөсүндө маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Маданият кызматкерлеринин майрамынын урматына Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында өнөрпоздордун катышуусунда салтанаттуу концерт уюштурулду.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн Кыргыз мамлекетинин вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова ачып, өз ишин мыкты аткарган кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырды. Бул салтанатка маданияттын бардык тармагында эмгектенген инсандар катышты.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы Саламат Садыкованын айтымында, акыркы учурда маданият кызматкерлерине мурдагыга караганда тийиштүү деңгээлде көңүл бурулуп жатат.

"Улутубуздун жүзү болгон маданият кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Улуу өнөр ээлери биздин улут болуп сакталып калышыбызга баа жеткис эмгек кылышууда. Кыргыз маданиятынын дүйнө элине таанылышына жана анын өркүндөп өсүүсүнө өз салымын кошуп жаткан адамдардын эмгеги убагында өз баасын алышы керек", - деп билдирди ал.

Бишкек шаарында жайгашкан музыкалык мектептердин, жогорку окуу жайлардын тарбиялануучулары концертти шаңга бөлөшсө, театр чеберлери өз өнөрлөрүн элге тартуулашты.

Мындан сырткары А.Изибаев атындагы цирктин артисттери өздөрүнүн ар кандай номерлерин көрсөтүп, келгендердин дүркүрөгөн кол чабууларына арзыды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-11-03 09:59:03
mr.ulan89, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан