Президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаев инаугурацияны уюштуруу комитетин түзүү боюнча атайын жарлыкка кол койду. Аталган комитетти президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов жетектемей болду. Уюштуруу комитетинин курамына Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев, Сооронбай Жээнбековдун өкүлү Фарид Ниязов, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев жана башкалар киргизилди.
Инаугурацияга чет элдик делегациялар дагы чакырылат.
Эскерте кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков 920 миң 626 добуш (54,22 пайыз) топтоп, жеңишке жеткен. Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 2011-жылдын 1-декабрында болгон.