Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы айрым медициналык мекемелердин жетекчилери менен болгон эмгек келишимин бузуп, аларды ардактуу эс алууга кетирди. Мындай маалыматты аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматта белгилүү болгондой, эми бул орундарга сынак жарыяланып, жетекчилик кызматтарга адистер тандалмакчы.
Ушул мезгилге чейин медициналык мекемелерде жетекчилик кызматта иштеп келген 6 кызматкер менен болгон эмгек келишимдери бузулган. Алар №2-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Жыргал Касымалиева, Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери Светлана Мамутова, Студенттер бейтапканасынын башкы дарыгери Чынара Балтабаева, №1-шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев, Бишкек шаардык перинаталдык борборунун жетекчиси Бурул Алмазбекова, үй-бүлөнү жана балдарды реабилитациялоо адистешкен борборунун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Роза Көчөрбаева.
"Бул кызматкерлердин баарына ыраазычылык билдиребиз. Алардын дээрлик баары пенсия курагындагы кызматкерлер. Убакыт баарын өзгөртүп турат. Жогорудагы кызматкерлер элдин саламаттыгы үчүн эмгегин аябай кызмат кылгандар. Ошентсе да жаштарга орун берүү керек. Менин дарегиме бул чечимдерге макул эмес болгондор ар түрдүү сындарды айтышты. Арасында кызматта 30 жылдан ашуун отургандар бар", - деди министр Талантбек Батыралиев.