Бүгүн, 7-ноябрда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасановдун үйүнө белгисиз адамдар кирди. Бул тууралуу Хасанов өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
"Үйдүн экинчи кабатында уктап жаткам. Таңкы саат төрттөр чамасында аялым чочуп кыйкырып кирди. Ууруларбы, кимдер экенин билбейм, алар терезе аркылуу секирип киргенде аялым чочуп ойгонуп кетиптир. Биринчи кабаттын жарыгы күйүп турган. Терезе деле өтө ылдый эмес. Эгер аялым чочуп ойгонуп кетип кыйкырбаганда, эмне болор эле билбейм", - дейт Хасанов.