Бүгүн, 7-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өлкөдө акыркы 2 күндө эле 19 адам жол кырсыгынан каза тапты. Элинин саны 6 миллион гана болгон Кыргыз үчүн мындай оор жоготуулар коштогон автокырсыктардын тынымсыз кайталанып жатышы эбак эле ойго салып, кыймылга өтө турган көрүнүш. 5-ноябрда Бишкекте 3 автоунаа сүзүшүп, 5 адам каза тапкан эле. 6-ноябрга караган түнү Бишкек-Ош трассасында Хонда жеӊил унаасы оор жүк ташуучу унаа менен кагышып, 10 адамдын өмүрү кыйылды. Арасында балдар бар. 6-ноябрда Бишкек - "Манас" аэропорту жолунда жеӊил унаа жолдон чыгып кетип, 4 адам ажал тапты.
Дал ушундай окуялардын айынан Кыргыз өлкөсү жол кырсыгынан өлгөн адамдардын саны боюнча КМШ чөлкөмүндө биринчиликти бербей келе жатат. Дүйнөлүк экономикалык форум жакында жолдордун сапаты боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялап, анда автоунаа жолдорунун жалпы узундугу 34 миӊ гана чакырымды түзгөн Кыргыз өлкөсү 137 өлкөнүн ичинен арт жактагы 122-орунду ээлеген. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдө жүктүн 97 пайызы, жүргүнчүлөрдүн 98 пайызы автоунаа менен ташылат. Аба, темир жол транспортторунун үлүшү абдан аз. Андыктан коопсуздук үчүн эртеби-кечпи баары бир автоунаа жолуна кам көрүүгө туура келет. Бүгүн вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жол кырсыгына кабылып каза тапканына 1 ай толду. Жумакадыров Коопсуздук кеӊешинде катчы болуп турганда укук коргоо органдарын реформалоо, жол коопсуздугуна арналып кеӊештин бир катар жыйындары өткөн. Өлкөнүн коопсуздук тармагын көзөмөлдөгөн адамдын өзү жол кырсыгынан каза тапканы өкүнүчтүү. Ал эми жыл башынан бери өлкөдө жол кырсыгынан каза тапкандардын саны 620 кишиден ашты. Статистикалык маалыматка таянсак, Кыргызда жылына миӊден ашуун адам автокырсыктардан каза тапса, 10 миӊдей адам жаракат алат. Жол кыймылын азайтат деп Жогорку Кеӊеште буга чейин бир топ чечимдер чыккан, мыйзамдар кабыл алынган, толукталган, азырынча абалдын кескин өзгөрүүсү байкалбайт. Депутаттар кайрадан билек түрө тийиштүү мыйзамды өзгөртүүгө киришти. Ага ылайык, жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуларга жаза күчөтүлгөнү же кырсыктын кесепетине жараша айдоочуну 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууга дейре жаза каралууда. Азырынча долбоор парламенттин кароосунда. Чынында иттин өлүгү керектүү мыйзамдардын жоктугунда же алсыздыгында эмес, алардын аткарылбай жатканында экенин, кырсыкка күнөөлүүлөр көбүнчө пара сунуштап же тааныш-билишинин жардамы менен жазадан кутулуп кетип жаткан "кыргызчылыкта" экенин да эске алып коюшса. Депутаттар эле эмес, коомчулук өзү да түшүнүп жетүүсү керек. Адам өмүрүн алган жол кырсыктарына күнөөлүү айдоочулардан акча алып, мал алып, анан арызынан баш тартып кетип жатышат, кечирип коюшат. Жазасыз калуу, жазадан кутулуп кетүү жолдо кайрадан жоопкерчиликсиздикти жаратууда. Жазадан кутулуп кетүүгө укук коргоо органдарында, Патрулдук милиция тармагында, соттогу коррупция дагы жакшы жардам берүүдө...
"Ата Мекен" фракциясы депутат Аида Салянованын инисинин өлүмүн саясатка байланыштырууда. Фракция 6-ноябрда тараткан билдирүүдө Улан Саляновго кол салуу саясий өңүттө болгондугу айтылат. "Ата Мекен" Улан Саляновду эжеси Аида Саляновага эскертүү берүү максатында атайын даярдалган адамдар өлтүрдү, катардагы кокустук эмес деп эсептейт. Фракция камактагы башкы "Ата Мекенчи" Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун да өмүрү коркунучта экенин, кылмышкерлерге шылтап алардын да көзүн тазалап коюу коркунучу туулганын эскертип, УКМКдан Салянованын, Текебаевдин жана Чотоновдун коопсуздугун камсыздоону талап кылды. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кызматы партиянын талабына азырынча жооп кыла элек. Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча Чүй ОИИББи кылмышкерлер издөөдө экенин, азырынча кармала электигин айтууда. Ички иштер министрлиги бул кылмышта саясий өңүт жок дейт.
Бул арада Өмүрбек Текебаевдин адвокатынын үйүнө белгисиз адамдардын уурданып кириши талкуу жаратты. Жактоочу Канат Хасанов 7-ноябрга караган түнү үйүнө белгисиз адамдар кирип, Текебаевдин соттук ишине тийиштүү документтердин көчүрмөлөрүн алып кеткенин айтып чыкты. Бул окуяны да бийликтин "ата мекенчилерге" басым көрсөтүүсү катары баалап бийликти сындагандар болууда. "Ата Мекенге" байланышы бар адамдардын айланасында чуулуу окуялардын удаасынан орун алышы кокустукпу же бир сыр барбы деген суроо жаратат. Ошол эле учурда "элдин көӊүлүн бурдуруу үчүн өздөрү уюштуруп жатат" деп окуяны Текебаевдин тарапташтарынан көргөндөр дагы бар. Бирок "көңүл бурдуруу үчүн адам өлтүрүшмөк беле, болгондо да жакындарын?" деген суроо жаралбай койбойт. Кандай болгон күндө да акыркы окуялар эң биринчи кезекте элдин коопсуздугу корголбогон абалда экендиги тууралуу коңгуроо болуп жатат. Кызыгы, мындан туура 1 жыл мурун, 2016-жылдын 14-ноябрында Өмүрбек Текебаевдин батирине да белгисиз адамдар кирип үй ичин тинтүүгө алышкан. Кылмышкерлер табылып жазаланган жок. Милициянын "кол капчан иштеп, артынан из калтырышпаптыр" деген билдирүүсү гана эсте...