Кыргыз жараны Болот Өмүралиев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго аргымакты белек кылды. Бул тууралуу Кадыров Инстаграмдагы баракчасына жазып, аргымакты алып жаткан видеосун тиркеди.
"Кыргыз мамлекетинин жашоочусу Болот Өмүралиев мага баасы жок белек берди. Ал Кыргыз жеринде туулган Америка жоргосу тукумундагы аргымак экен. Ал аргымак мен үчүн бардык таза кандуу күлүктөрдөн кымбат. Болот аттын моюнундагы Жараткандын ысымы жазылган такты байкап, аны мага белек кылууну ниет кылып жүргөн экен. Чечен элине тартууланган бул белекти чоң ыраазы болуу менен кабыл алдым", - деп жазган Кадыров.