Акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист Аалы Токомбаев Чүй облусунун Кемин районундагы Чоң-Кайыңды айылында мындан 113 жыл мурун, 1904-жылы 7-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Аалы Токомбаев Улуу Үркүндөн келгенде ата-энесинен эрте ажырап, балдар үйүндө өскөн. 6 айлык партиялык мектепте билим алып, Орто Азия коммунисттик университетин бүтүргөн.
Чыгармачылык жолу
Жазуучу алгачкы чыгармаларынан тартып Чалкар, Балка деген каймана аттарды колдонгон. Кыргыздын туңгуч гезити "Эркин-Тоонун" 1924-жылы 7-ноябрда басылып чыккан алгачкы санында анын "Октябрдын келген кези" аттуу ыры жарыяланган. Кийинчерээк "Аялдар айнеги", "Эмгек гүлү", "Атака", "Абалкы ырлар", "Туткун Марат" поэмасы, "Иргелген ырлар", "Тууган эл" өңдүү жыйнактары, "Днестр терең деңизге куят", "Жараланган жүрөк" повесттери жана башка көптөгөн ыр, аңгемелеринин үч томдугу кыргыз тилинде, үч томдугу орусча жарык көргөн. Ыр менен жазылган "Таң алдында" аттуу романы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Көп эмгектери чет тилдерине которулган. Өзү бир катар дүйнө элдеринин жазуучуларынын чыгармаларын которгон. Ошондой эле Аалы Токомбаевдин бир нече ырына музыкага обон жазылып эл арасында ырдалып жүрөт. Алардын ичинен сүйүү темасындагы "Мунарым" аттуу ыры өткөн кылымдын 80-жылдарында өтө белгилүү болгон.
Эмгек жолу
Акын "Кызыл Кыргызстан" гезитинде, Москвадагы борбордук басмаканада редактор, "Кыргызмамбаста" башкы редактор, Кыргыз Жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз тил, адабият жана тарых институтунда директор, "Чалкан" журналынын редактору болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советине төрт жолу депутат болуп шайланган. Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси менен сыйланган.
Үй-бүлөсү
Аалы Токомбаев өмүрлүк жубайы Зейнеп Сатбаева менен 1926-жылы Ташкент шаарында Орто Азия коммунисттик университетинде окуп жүрүшкөндө баш кошушкан. Алар төрт балалуу болгон. Анын эстелиги 1995-жылы Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жанында орнотулган. Жазуучунун кичүү уулу Улан Токомбаев өз атасынын жолун жолдоп, колуна калем кармап ыр жазып, драматург, сценарист катары да таанылган. Ал Кыргыздын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Улан Токомбаевдин жубайы Светлана да белгилүү акын, уулу Шербото Токомбаев болсо орус тилинде ыр, аңгеме жазат.
Аалы Токтомбаев улутчул, Япониянын пайдасына иштеген чыккынчы деген жалаа менен өз заманынын көптөгөн сабаттуу, алдынкы адамдары менен катар 1937-жылы камакка алынып, 1939-жылы гана бошотулган. Ошол кезде акындын камалганга чейинки бардык чыгармалары жоголуп кеткен.