Америкалык 1,5 жаштагы бөбөк интернет жылдызына айланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Белгилүү болгондой, аз гана убакыт ичинде көптөгөн интернет колдонуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон 1,5 жаштагы бөбөк өзүнүн таякеси Аристотель Политеске атаандаштык жаратууда. Аристотелдин эжеси Катина Бехм 1,5 жаштагы баласын кийинте албай убара болуп жаткан маалында аны сүрөткө тартып алган.
Ал сүрөттү Инстаграм баракчасына киргизген соң бул сүрөт анын модель болуп иштеген инисинин сүрөтүнө абдан окшошуп калганын байкаган. Бул окуядан тартып Катина баласын инисине окшоштуруп сүрөткө тартып Инстаграмга жаңы баракча ачып киргизе баштаган. Аз убакыттын ичинде ал баракчага жазылгандардын саны 20 миң адамдан ашкан. Кичинекей моделге суктангандардын саны көбөйүп, дагы кызыктуу сүрөттөрдү күтүшөрүн билдиришкен.