АКШдагы Канзас университетинде "Зордуктоо учурунда кандай кийимчен элең?" деген аталыштагы өзгөчө көргөзмө өтүүдө. Анда зордук-зомбулукка кабылган адамдардын ошол кезде кийип жүргөн кийимдери көргөзмөгө коюлган.
Көргөзмөнүн негизги максаты - зордукталган адамдар тууралуу кеп козголгондо дароо ачык, эркекке чакырык таштоочу кийим кийген кыз-келиндерди элестетүүнү жоюу. Себеби мындай кырдаалга кабылгандардын көбүнө эң алгач "Зордуктоо учурунда кандай кийимчен элең? деген суроо узатылары талашсыз. Көргөзмөдө зомбулукка кабылган 18 окуянын ээлери тууралуу баяндалат. Бирок ал жактан бир гана купальник же кыска көйнөктөрдү эмес, футболка жана узун шымдарды да көрүүгө болот.
Аталган арт-долбоор 2013-жылы Канзас университетинин сексуалдык зордук-зомбулукту токтотуу борборунун башчысы Жен Брокмэн тарабынан ойлонуп табылган.
"Көргөзмөгө келгендер кийимдер аркылуу өздөрүн көрө алышат. Тактап айтканда, бул жерден өзүнүн кийип жүргөн кийимине окшош кийимди көрүп, зордук-зомбулуктан качуу үчүн кийимди гана алмаштырып коюу жетишсиз экенин түшүнүшөт", - деген ал.
"Зордуктоо учурунда кандай кийимчен элең?"
"Купальник. Биз көлмөдө сүзүп, сонун убакыт өткөрдүк. Анан мен кийимимди алмаштырайын деп чатырга киргенде алар менин артымдан кирип келишти".
"Менин сүйүктүү сары футболкам, ал эми кандай шым кийип жүргөнүмдү унутуп калдым. Эсимде, мен өзүмдү абдан ыңгайсыз сезгем, болгону байкемдин бөлмөсүнөн чыгып мультфильм көрүүнү каалагам".
"Сарафан. Бир канча айдан соң апам менин шкафымдын маңдайына туруп алып көйнөк кийбей калганыма нааразы болгон. Мен 6 жашта болчумун".
"Мен бул окуядан соң бир канча күн жумушка чыккан жокмун. Кийин жетекчиме абалымды түшүндүрсөм, "Зордуктоо учурунда кандай кийимчен элең?" деген суроо узатты. "Футболка жана шым, а сен баскетболго кандай кийинип бармаксың?" дедим да, кабинеттен чыгып кеттим. Ошол боюнча жумушка барган жокмун".