Актёр Кевин Спейси жана продюсер Харви Вайнштейн сексуалдык көз карандылыктан арылуу үчүн дарыланууда

Америкалык актёр Кевин Спейси жана продюсер Харви Вайнштейн интимдик катнаштан көз каранды болуудан арылуу үчүн дарыланып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актёр Кевин Спейси интимдик мамиледеги көз карандуулуктан арылуу үчүн Харви Вайнштейн дарыланып жаткан бейтапканадагы адистерге кайрылган. "Оскар" сыйлыгынын ээлери болгон актёр жана продюсёр Америкадагы эң мыкты деп эсептелген бейтапканалардын бирин тандап алышкан.

Спейси үчүн иштелип чыккан 45 күндүк дарылоо ыкмасы "Назик жол" деп аталат. Ал өзүнө адистер менен болгон сүйлөшүүлөрдү жана чыгармачылык менен алектенүүнү камтыйт. Вайнштейн бул бейтапканада 11-октябрдан бери жаткандыгы маалым болгон.

Эскерте кетсек, бир катар актрисалар, моделдер белгилүү продюсер Вайнтшейндин аларга карата жасаган сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерин айтып беришип, Голливудда чуу жаратышкан. Мындан көп өтпөй эле атактуу актёр Кевин Спейси, Дастин Хоффман да ушундай сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаганын бир убакта чогуу иштешкен айымдар билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alibay
2017-11-08 14:00:12
Админ,ырлардын минустарын каерден уксам,кочуруп алсам болот.
0
admin_superstan
2017-11-08 14:12:02
Alibay, саламатсызбы! Минустар http://www.super.kg/media/useraudio/?category=11
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан