“13 жашар кызды зордуктаган” деп шектелип 2 жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районунда “13 жашар кызды зордуктаган” деп шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган райондун К.И. аттуу 40 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине зордуктоо фактысы тууралуу арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 28-май күнү 20-25 жаштагы азиат улутундагы белгисиз бирөө Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде күч колдонуу менен 13 жаштагы жакын тууганын зордуктаганын билдирген. Арыздын негизинде иликтөө иштери жүрүп, аталган айылдын 20 жаштагы А.Е. жана Москва районундагы Ак-Суу айылынын 26 жаштагы И.Юрий аттуу тургундары кылмышка шектүү катары кармалган. Учурда аталган кылмыш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baxxa
2013-05-31 15:02:48
эмнеге ушунда зордуктоо коп катталып атат
0
Shekerbek
2013-05-31 15:55:25
baxxa, ангилер кобойуп жатат да! булардын кобойушунун себеби самапал арак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан