Сузак районунда кутурган ит 3 адамды тиштеп алды

29-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Боз-Чычкан айылынын 3 тургунун кутурган ит тиштеп алган. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучулар 1994-жылы туулган Мурат Данияр уулу, 2010-жылы туулган Диана Мамажанова жана Шарап Сапаров болгон. Тиштеп алган ит өлтүрүлүп, башы Жалал-Абад аймактык мамлекеттик ветеринардык диагностикалык борборуна жөнөтүлгөн. 30-майда кутурма оорусу менен ооругандыгы аныкталган иттин денеси өрттөлүп жерге көмүлгөн. Ал эми жабыркагандар Мурат айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан кутурма оорусуна каршы вакцина алышып, үйлөрүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан