Италиялык Lamborghini компаниясы өзүн-өзү калыбына келтирүүчү унаасын көрсөттү. Мындай маалымат компаниянын интернеттеги расмий баракчасына жарыяланды.
Билдирүүдө жазылгандай, Lamborghini компаниясы өзүн-өзү калыбына келтирүүчү, электр энергиясы менен кубатталуучу Terzo Millenio аталышындагы унааны авто сүйүүчүлөргө тартуулаган. Кыргызчага которгондо унаанын аты "үчүнчү миң жылдык" дегенди түшүндүрөт. Бул унаанын эң башкы өзгөчөлүгү болуп, кузовдун өзүн-өзү регенарациялоого жөндөмдүү экендигинде, башкача айтканда, унаа өзүн-өзү калыбына келтиргенге жөндөмдүү кузовго ээ.
Унаа Массачусетс технологиялык институтунда өткөн конференциянын алкагында аудиторияга тартууланды. Бул конференцияда Lamborghini компаниясы 2040-жылы кандай технологияларды колдонуу менен унааларды чыгара турганын көрсөттү.
Долбоор боюнча үчүнчү миң жылдыктын унааларынын бардыгы электр энергиясы менен иштейт.