9-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев Орусиядагы айрым консулдук кызматтар мигранттар менен иш алып барбай жатканын айтып нааразы болду.
"Биздин өлкөнүн Орусиянын Краснодар шаарындагы ардактуу консулу Алексей Чиналиев мигранттарды кабыл албай, жазган каттарына жооп бербейт экен. Андай адамдарды эмне үчүн биз ардактуу консул кылабыз? Мигранттардын арасынан суурулуп чыккан, мигранттарда кандай көйгөй бар экенин билген адамды консул кылуу керек. Ардактуу консулдукту берүүнүн критерийлерин аныктайлы. Мындай макамды кээ бир ишкерлер алып, өз кызыкчылыгына пайдаланып, элге пайдасы тийбейт экен.
Биздин мигранттардын 70 пайызы укуктук жардамга муктаж. Биз акыйкатчынын отчётун карап жатканда бир орун басары мигранттар боюнча болсун деп киргиздик эле. Орусиянын акыйкатчысы менен келишим түзүп, мигранттарга укуктук жардам бериши керек. Ушуну дагы бир жолу токтом кылып кабыл алып берсек, биздин мигранттарга болгон жардам болот эле", - деди Иманалиев.